Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов былтыр август айында Ысык-Көлдөгү Жеңиш чокусунда калган альпинист Наталия Наговицынаны куткаруу аракетин көрүүдө аварияга учураган тик учактын тагдырына кызыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев аварияга учураган тик учактын орду каржылык сумма менен толтурулганын айтты.
"Тик учак коргоо министрлигине тиешелүү болчу. Анын (ред...: Наговицына) камсыздандыруусу бар экен. Жакында камсыздандыруу уюму төлөп берди", - деди ал парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында.
Бирок министр өндүрүлгөн сумманын көлөмүн ачыктаган жок.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу