Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Бишкектеги жылуулук тармагында катталган бузулууну жоюу иштерине байланыштуу бүгүн бир катар турак үйлөргө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жылуулук жана ысык суу берүү төмөнкү даректерде токтотулган:

  • Панфилов көчөсү № 124, 145, 151, 153;
  • Логвиненко көчөсү № 3в;
  • Чүйков көчөсү № 125;
  • Панфилов көчөсү № 130, 132, 147/2, 149, 149а;
  • Чүйков көчөсү № 110.
Маалыматка караганда, оңдоо иштерин бүгүн күн ичинде аяктоо пландалууда. Бузулуу толук жоюлгандан кийин жылуулук жана ысык суу берүү кайра калыбына келтирилет.

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты

Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты