Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт
Республика боюнча асыл тукум статусуна ээ болгон чарбалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады.
Ошондой эле асыл тукум чарба статусун жаңыдан алууну каалаган чарбаларда белгиленген талаптарга ылайык изилдөө жана баалоо иштери өткөрүлөт.
Асыл тукум чарба статусун алууну каалаган фермерлер жана чарба жетекчилер iDyikan тиркемесиндеги кызматтар бөлүмүндө онлайн арыз калтырууга жана кошумча маалымат үчүн тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылууга болот.
Мониторингдин жана изилдөөнүн негизги максаты – асыл тукум чарбалардын ишмердүүлүгүнүн абалын баалоо, белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүү жана өлкөдө асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
Алынган арыздарды комиссия жеринен келип текшерет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу