Бишкекте бир күндө 1479 тонна таштанды чыгарылды
20-ноябрда Бишкек "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери 1479 тонна таштанды чыгарышты. Анын ичинен 1281 тоннасы катуу тиричилик калдыктары, ал эми 198 тоннасы ири көлөмдөгү таштандыларды түздү.
Бишкек мэриясы кабарлагандай, 21-ноябрда таштандыларды чыгаруу үчүн кошумча 31 атайын техника тартылды. Алардын ичинен 8 жүктөгүч жана 23 HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бар.
Мындан тышкары, шаар боюнча катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн күнүмдүк тартипте 115тен ашык атайын техника ишке чыкты.
Белгилей кетсек, таштандыларды массалык түрдө чыгаруу иштери 20–21-ноябрь күндөрү эки күн бою жүргүзүлдү. 21-ноябрда саат 17:00гө чейин шаар тургундары эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган дарак бутактарын сыртка чыгара алышты.
21-ноябрда шаардын аймагынан чыгарылган таштандылардын жалпы көлөмү 22-ноябрда эсептелет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу