Бишкекте LOTTE HOTEL мейманкана комплекси курулмакчы

Бишкекте LOTTE HOTEL мейманкана комплекси курулмакчы

Бишкекте LOTTE HOTEL мейманкана комплексин куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалымдалгандай, мейманкана Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнө салынмакчы. Долбоор эл аралык LOTTE HOTEL бренди алдындагы беш жылдыздуу мейманкананы, сервистик резиденцияларды жана бизнес-борборду курууну камтыйт.

Комплексте ар кайсы өлкөлөрдөн келген конокторду жогорку деңгээлде кабыл алууга, ошондой эле элибиздин маданияты жана каада-салттары менен тааныштырууга бардык шарттар түзүлмөкчү. Алдын ала концепцияга ылайык, проспект тараптан таш аркада менен бириктирилген эки симметриялуу мунара куруу каралган. Комплексте ишкердик жолугушууларды, конференцияларды жана расмий кабыл алууларды өткөрүү үчүн жайлар, ресторан жана велнес-борбор жайгашат. Бизнес-борбор үчүн өзүнчө кире бериш каралат.

Мейманкана франчайзинг модели боюнча иштейт. Долбоордо эл аралык LOTTE HOTEL брендин колдонуу LOTTE HOTELS & RESORTS компаниясынын Кореядагы башкы кеңсеси тарабынан жактырылган. LeePrime Group комплекстин концепциясын сунуштап, долбоорду иштеп чыгууда инвестордун өнөктөшү катары катышууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө бир жумада 21 624 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

Чүй районунун аймагын көрктөндүрүү долбоору даярдалды

Бишкекте узундугу 1 800 метрди түзгөн жол жаңыланды

Ысык-Көлдөн 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды

Асыл тукум мал чарбасын колдоого 3% менен кошумча 271 млн сом бөлүндү