Өлкөдө бир жумада 21 624 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды
Өлкө аймагында бир апта ичинде, 13-ноябрдан 19-ноябрга чейин 21 624 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 902;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 459;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 193;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 765;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 978;
- Авто ээнбаштык - 33;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 1 310;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу -15;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –13 928;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 041 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу