Ысык-Көлдөн 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы жана Балыкчы шаарынын акваториясынан жалпы узундугу 600 метр болгон 6 эски балык уулоочу тор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликтин алдын алуу жана суу биоресурстарын коргоо максатында рейд өткөрүлгөн.

Иш-чаранын алкагында көлдүн аймагындагы эски балык уулоочу торлор тазаланып, суудан чыгарылды.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча рейддер улантылат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Асыл тукум мал чарбасын колдоого 3% менен кошумча 271 млн сом бөлүндү

Түптө наркы 155 миллион сомду түзгөн мектеп курулууда

Фермерлер айыл чарба техникасын 6% үстөк менен лизингге ала алышат

Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык үчүн үч жаран айыпка жыгылды

Канттагы жолду курууда жаңы технология колдонулуп, 20 млн сом үнөмдөлдү