Бишкекте узундугу 1 800 метрди түзгөн жол жаңыланды

Бишкекте узундугу 1 800 метрди түзгөн жол жаңыланды

23-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев капиталдык оңдоо иштери аяктаган Чүй көчөсүнүн (Ак-Босого конушу) жаңыланган бөлүгүнүн ачылышына катышты.

Жол оңдоо иштери Саадаев көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейинки тилкеде жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, жаңыланган жолдун узундугу 1 800 метрди түзөт. Оңдоо иштерин "Су-4 Кара-Балта" ЖЧКсы аткарды.

Ошондой эле шаарды жашылдандыруу иш-чараларынын алкагында Чүй көчөсүнө жакын жайгашкан скверге 38 даана катальпа көчөтү отургузулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы жергиликтүү тургундардын кайрылууларын жана сунуштарын укту.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Биринчи май районунун акимине көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдөн 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды

Асыл тукум мал чарбасын колдоого 3% менен кошумча 271 млн сом бөлүндү

Түптө наркы 155 миллион сомду түзгөн мектеп курулууда

Фермерлер айыл чарба техникасын 6% үстөк менен лизингге ала алышат

Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык үчүн үч жаран айыпка жыгылды