Кыргыз спортчулары Таиланддагы эл аралык турнирде 15 медаль жеңишти

Кыргыз спортчулары Таиланддагы эл аралык турнирде 15 медаль жеңишти

18-22-ноябрь күндөрү Таиланддын Сирача шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) "Thailand Open" эл аралык турнири өттү. Турнирде 14 өлкөдөн 300дөн ашуун катышуучу күч сынашты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, кыргызстандык спортсмендер жалпы 15 медаль ( 9 алтын, 5 күмүш жана 1 коло медаль) жеңип алышты.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште өлкө намысын коргогон спортчулар 5 алтын жана 2 күмүш медалга ээ болушту.

Алтын медаль ээлери:

  • Айдеми Асангазиева (53 кг чейин)
  • Асема Торогелдиева (55 кг чейин)
  • Акылай Чыныбаева (65 кг чейин)
  • Асел Жапарова (72 кг чейин)
  • Аяна Асмаликова (68 кг чейин)

Күмүш медаль ээлери:

  • Альбина Самылбекова (62 кг чейин)
  • Аяна Асмаликова (76 кг чейин)

Ал эми сурдоспорт боюнча U-20 жаш курактык категориясындагы спортсмендер 4 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль жеңишти.

Алтын медаль ээлери:

  • Тариэль Садырбеков (60 кг чейин)
  • Абдырасул Исмаилов (63 кг чейин)
  • Динмухамед Бигельдиев (67 кг чейин)
  • Жанбулат Кусейинов (82 кг чейин)

Күмүш медаль ээлери:

  • Артур Акопян (77 кг чейин)
  • Бексултан Сабиралиев (82 кг чейин)
  • Смадияр Жумакадыров (63 кг чейин)

Коло медаль ээси:

  • Арлен Уланов (60 кг чейин)
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте LOTTE HOTEL мейманкана комплекси курулмакчы

Өлкөдө бир жумада 21 624 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

Чүй районунун аймагын көрктөндүрүү долбоору даярдалды

Бишкекте узундугу 1 800 метрди түзгөн жол жаңыланды

Ысык-Көлдөн 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды