Анкарада туризм жана саякат боюнча көргөзмө болуп өттү

Анкарада туризм жана саякат боюнча көргөзмө болуп өттү

19–21-ноябрда Анкара шаарында туризм жана саякат боюнча 9-Эл аралык TRAVELEXPO ANKARA 2026 көргөзмөсү болуп өттү. Анын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан кыргыз павильону уюштурулду.

ATO Congresium көргөзмө борборунда өткөрүлгөн аталган иш-чара Түркиянын туристтик тармагындагы маанилүү эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.

Элчиликтен кабрлагандай, көргөзмөгө ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик агенттиктери, туроператорлору, мейманкана бизнесинин өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелер жана туристтик тармактын башка өкүлдөрү катышты.

Кыргыз павильону көргөзмөгө келген коноктордун жана туристтик тармактын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду.

Павильондун алкагында өлкөнүн туристтик дараметин, анын ичинде кышкы жана тоо туризмин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган видеороликтер көрсөтүлүп, келген конокторго маалыматтык жана презентациялык материалдар таратылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө мыйзамсыз киргизилген 15,7 кг зер буюмдары аныкталды

Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүлүүдө

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду

Сүлүктүдө электр тармактарын жаңылоо иштери аяктады

Кара-Кулжада мыйзамсыз аңчылык үчүн 30 миң сом айып пул салынды