Кара-Кулжада мыйзамсыз аңчылык үчүн 30 миң сом айып пул салынды
Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталып, административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул туурасында Жаратылыш министрлиги 24-ноябрда кабарлады.
Маалым болгондой, текшерүүдө Ылай-Талаа айылынын тургуну, Т.К. аттуу жаран эч кандай уруксат берүүчү документтери жок 10 даана кекилик жана 2 даана коёнго мыйзамсыз аңчылык кылганы аныкталды.
Аталган укук бузуу үчүн жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 12 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
Мындан тышкары, жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында бекитилген таксалардын негизинде 10 даана кекилик үчүн 20 000 сом, 2 даана коён үчүн 10 000 сом, жалпы 30 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу