Сүлүктүдө электр тармактарын жаңылоо иштери аяктады

Сүлүктүдө электр тармактарын жаңылоо иштери аяктады

Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча 10 айга пландалган иштерди толугу менен аткарды. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, энергетиктер 33 даана күчтүк трансформаторду жана 51,87 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүштү. Ошондой эле 184 көмөк чордонуна жана 698 чакырым аба чубалгысына техникалык тейлөө жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Кен-Талаа айыл аймагындагы 10 кВ "Маргун" аба чубалгысынын 12,5 чакырым бөлүгүндөгү эски электр зымдары жаңы СИП-3 чубалгыларына алмаштырылып, жыгач мамычалар бетон мамычаларга жаңыртылды. Ошондой эле 3 чакырым 0,4 кВ электр чубалгысы СИП-2 зымдарына алмаштырылды.

2026-жылдын аягына чейин төрт даана 250 кВА кубаттуулуктагы көмөк чордону ишке киргизүү пландалууда.

Энергетика тармагын санариптештирүү алкагында Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасы боюнча 14 миң 728 акылдуу электр эсептегич орнотулду. Бул электр энергиясынын жоготууларын азайтууга жана керектөөнү так эсептөөгө мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасы жалпы 16 миң 956 абонентти электр энергиясы менен камсыздайт. Аткарылган иштер калкты кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кара-Кулжада мыйзамсыз аңчылык үчүн 30 миң сом айып пул салынды

Кыргыз-дания соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселеси каралды

Ошто муниципалдык жер тилкеси аукционго коюлду

Күздүк ным топтоо сугаты 96% аткарылды

Кыргызстан менен Канаданын ишкердик кызматташтыгы кеңейтилет