акыркы жаңылыктар

Ошто эки көмөк чордондо 16 МВАлык жаңы трансформаторлор орнотулду

Энергетика

Ошто эки көмөк чордондо 16 МВАлык жаңы трансформаторлор орнотулду

Энергетика министрлигинин 2025–2026-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдык боюнча тапшырмасынын негизинде “КУЭТ” ААКнын Ош электр тармактары 35/10 кВ “Речная” жана “Ош-7” көмөк чордондорундагы 10 МВА трансформаторлорду 16 МВА кубаттуулуктагы жаңы жабдууларга алмаштырды. Министрликтин маалыматына ылайык, бул иш-аракеттер каскаддык метод менен жүргүзүлүп, шаарды туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоону күчөтүүгө

Таш-Көмүрдө 35 млн сомго  күрөш залы курулуп жатат

Коом

Таш-Көмүрдө 35 млн сомго күрөш залы курулуп жатат

Таш-Көмүр шаарында 35 миллион сом каражатка жаңы заманбап күрөш залынын курулушу уланууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып жатат. Курулуш, архиктектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, башкы долбоорго ылайык, спорт комплекси эки блоктон турат. Имаратта эл аралык талаптарга жооп берген күрөш жана бокс залдары,

Ишкерлерге жардам берүүчү “Кыргыз Экспорт” ыкчам штабы иштей баштады

Бизнес

Ишкерлерге жардам берүүчү “Кыргыз Экспорт” ыкчам штабы иштей баштады

Экономика жана коммерция министрлигинде ишкерлердин кайрылууларына тез жооп берүү жана тигүү-текстиль тармагынын өкүлдөрүнө комплекстүү консультациялык колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Экспорт” борборунун ыкчам штабы иштей баштады. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты. Ыкчам штаб министрликтин имаратынын биринчи кабатында жайгашып, күн сайын, дем алышсыз саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт. Ишкерлер бул жерден

Ош облусуна JICAнын колдоосу менен жаңы долбоорлор ишке киргизилет

Коом

Ош облусуна JICAнын колдоосу менен жаңы долбоорлор ишке киргизилет

Бүгүн Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда JICAнын Ош облусунда ишке ашырып жаткан "Спутниктик маалыматтар жана химиялык заттардын регионалдык ташылышын моделдөө" долбоорунун алкагында абанын сапатын

Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПны 4 500 долларга жеткирүүнү пландап жатат

Экономика

Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПны 4 500 долларга жеткирүүнү пландап жатат

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) бизнес-форумунун экинчи күнүндө экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Министрдин айтымында, акыркы үч жылда Кыргызстан экономикасы орточо жылдык 9% өсүш менен туруктуу өнүгүү жолуна

Барскоон-Бедел жолунун курулушу жаңы транспорттук коридорду түзөт

Транспорт

Барскоон-Бедел жолунун курулушу жаңы транспорттук коридорду түзөт

Барскоон-Бедел жолунун курулушу өлкөнүн өз каражаты менен жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол-транспорт тармагына казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу активдүү жүрүүдө. Алардын сап башында кыска убакыттын ичинде башталган улуттук маанидеги Барскоон-Бедел автожолу турат. Бул жол

Кумтөрдүн 10 айдагы кирешеси 80 млрд сомго жетти

Экономика

Кумтөрдүн 10 айдагы кирешеси 80 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы кирешеси план боюнча 55 млрд 127 млн сом болсо, иш жүзүндө 80 млрд сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын отчеттук маалыматында айтылат. Ал эми 10 айдагы ишкананын таза кирешеси план боюнча 13 млрд 373 млн

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кимдердин айыптары жокко чыгат?

Коом

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кимдердин айыптары жокко чыгат?

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы Мыйзамына ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыздар эсептен чыгарыларын билдирет. Маалыматка ылайык, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө Салык кызматынын органдары тарабынан төмөнкүлөр эсептен чыгарылат: * 2026-жылдын 1-январына карата туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар — төлөөчүнүн арызы жок жана

Кыргызстанда 34 соода-логистикалык борбор иштеп жатат

Экономика

Кыргызстанда 34 соода-логистикалык борбор иштеп жатат

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын бизнес-форумунда Кыргызстан боюнча 34 соода-логистикалык борбору иштеп жатканын билдирди.  Анын айтымында, өнүкпөгөн кампалык инфраструктурасыз транспорттук демилгелерди ишке ашыруу мүмкүн эмес.  “Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борбор курулуп жатат. 25 гектар аянтка жайгашчу объектинин кампалык имараттарынын  жалпы аянты 136 миң

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 0–25-чакырым аралыгы реконструкцияланды

Транспорт

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 0–25-чакырым аралыгы реконструкцияланды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 0–25-чакырымдар аралыгында жол иштери соңуна чыгып калды. Реконструкциянын алкагында жол төрт тилкелүү болуп кеңейип, анын жалпы туурасы 17,6 метрди түздү. Коопсуздукту жогорулатуу максатында жолдун ортосуна атайын тосмолор орнотулуп, жол сызыктары чийилди. Мындан тышкары, 36 суу өткөрүүчү түтүктөр

Былтыр өлкө боюнча 7 миң 75 объект демонтаждалган

Кыймылсыз мүлк

Былтыр өлкө боюнча 7 миң 75 объект демонтаждалган

Кыргызстанда 2024-жылы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жалпы 7 миң 75 объектини демонтаж кылганы Бишкек мэриясынын өткөн жылга карата отчетунда айтылды.  Документке ылайык, мунун ичинен 3,5 миңи жеңилдетилген типтеги объект, 506сы капиталдык курулуш жана 3 миңи жарнамалык конструкциялар. Жалпы 16,8 млн сомго 1,7 миң протокол түзүлгөн.  Муниципалдык жерди

АКШ лидери Д.Трампты жактыруу рейтинги 38%га түшкөнү маалым болду

Кызыктуулар

АКШ лидери Д.Трампты жактыруу рейтинги 38%га түшкөнү маалым болду

АКШ президенти Дональд Трампты өлкө башчы катары жактыруу рейтинги америкалыктар арасында 38%га түшүп калганы Ipsos компаниясы менен Reuters агенттигинин сурамжылоосунда көрсөтүлгөн.  Бул Ак үй башчысынын рейтингинин эң төмөнкү чеги эмес, буга чейин анын биринчи президенттик мөөнөтүндө рейтинги 33%га чейин түшкөн. Эл анын белгилүү финансист, сот жообуна тартылган педофиль