акыркы жаңылыктар

«Upim» брендинин дүкөнү жоопкерчиликке тартылды – жарнамасы талапка жооп бербейт

«Upim» брендинин дүкөнү жоопкерчиликке тартылды – жарнамасы талапка жооп бербейт

Талаптагыдай эмес жарнама таратылган үчүн «Upim» брендинин дүкөнү жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу  Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди. Бишкек шаарынын аймагында мониторинг учурунда, ак жана кара фондо «Upim» деген жазуусу бар, бирок жарнакталуучу товар тууралуу  маалыматы жок жарнамалар көрнөк-жарнактарда жана LED-экрандарда таратылып жаткан. Монополияга каршы агенттик таратылып

Тимур Файзиевдин энергиясын бизге да жумшасакпы дедик – Акылбек Жапаров «Асман» шаары боюнча

Тимур Файзиевдин энергиясын бизге да жумшасакпы дедик – Акылбек Жапаров «Асман» шаары боюнча

Бүгүн, 15-февралда өткөн маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү «Асман» шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектеген «Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиевдин ишмердиги тууралуу да жооп берди. Жапаровдун айтымында, эгерде сот Файзиевди күнөөлү деп тапса, коомчулукка кесепети тийсе, анда ал түрмөдө отуруш керек. «Кайсы бир

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов коррупцияга шектелип, тергөө абагына камакка алынган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктаган. Берилген маалыматка таянсак, Мамытов УКМКнын кызматкерлери тарабынан Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кармалып, ал 8-мартка чейин камакка алынган. Ал эми ОКӨФ бул тууралуу расмий маалымат

Биз 400 млрд сомго биринчи кадамды жасадык – Акылбек Жапаров

Биз 400 млрд сомго биринчи кадамды жасадык – Акылбек Жапаров

Өткөн жылы өлкөнүн бюджети 311 млрд сом суммасында аткарылган. Быйылкы жылы 400 млрд сомго жеткирүү пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал белгилегендей, Салык кызматы январь айында 7 млрд 965 млн сом план менен 8 млрд 464 млн сомго аткарып, план 500

Кумтөр боюнча Centerra менен сүйлөшүүлөр 15-мартка чейин аяктайт

Кумтөр боюнча Centerra менен сүйлөшүүлөр 15-мартка чейин аяктайт

Кыргызстан Кумтөр боюнча канадалык Centerra компаниясы менен сүйлөшүүлөрүн 15-мартка чейин аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтканына таянсак, февралдын аягынан 15-мартка чейин эки тараптын ортосундагы Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрү аяктайт. «Биз бардыгына, анын ичинде парламентке да маалымат беребиз. Жыйынтыгын

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли КРда белгиленди

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли КРда белгиленди

2022-жылдын январында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли КРда белгиленди. Бул тууралуу Улутстатком билдирди. 2022-жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (11.2%) КРда катталды. Быйыл январь айында 2021-жылдын январына салыштырмалуу КРда азык-түлүк товарларынын (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди

Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, 3 жаран дайынсыз болууда

Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, 3 жаран дайынсыз болууда

Кечээ, 14-февралда саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районуна караштуу Түндүк – Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. Кар көчкү «Чайна Роуд» ишканасына тиешелүү Нива, жүктөгүч жана 2 экскаватор унааларын басып калып, 3 киши дайынсыз

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырылды

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырылды

Президент Садыр Жапаров Бишкек – Кара-Балта унаа жолун толук реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин айтымында, учурда Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун жалпы узундугу 52.5 чакырымдан калган 7.4 чакырымын реконструкциялоо иштери уланууда. Калктуу конуштардагы

2021-жылы алтынды экспорттоо үч эсеге кыскарган

2021-жылы алтынды экспорттоо үч эсеге кыскарган

2021-жылы алтындын экспорту 2020-жылга салыштырмалуу үч эсеге азайган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди. Алсак, 2021-жылы Кыргызстандан 308 млн долларга 5.6 тонна алтын экспорттолсо, 2020-жылы 987 млн долларга 17.7 тонна экспорттолгон. Белгилей кетсек, алтындын эң чоң көлөмү – дээрлик 4.1 тонна (234 млн доллар)

Тышкы иштер министринин жаңы орун  басары болуп Айбек Молдогазиев дайындалды

Тышкы иштер министринин жаңы орун басары болуп Айбек Молдогазиев дайындалды

КР тышкы иштер министринин жаңы орун басары болуп Айбек Молдогазиев дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Маалым болгондой, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев Тышкы иштер министринин жаңы орун басары Айбек Молдогазиевди министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды. Молдогазиев 2009-жылы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.

Комитетте Министрлер кабинети парламентке сунуштабай кабыл алган токтом талкууга түштү

Комитетте Министрлер кабинети парламентке сунуштабай кабыл алган токтом талкууга түштү

Бүгүн, 14-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында парламентке сунушталбай туруп, кабыл алынган №309-токтом боюнча талкуу болду. Жыйында Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» №309-токтому талкууга түштү. Комитеттин мүчөсү Алишер Эрбаев

Жакында айыл чарба азыктарын сатып ала турган мамлекеттик мекеме түзүлөт

Жакында айыл чарба азыктарын сатып ала турган мамлекеттик мекеме түзүлөт

Мамлекет элдер өндүргөн продукцияны сатып ала турган мекеме түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев бүгүн, 14-февралда «Биринчи Радиого» берген маегинде айтты. Анын айтымында, Өзбекстан Кыргызстандан эт менен картошканы чексиз көлөмдө алууга даяр, бирок андай көлөм чыгарууга республика даяр эмес. «Бизде эт мыкты деп айта беребиз.