Бийлик базарларда ККМди милдеттүү колдонууну жокко чыгарууну пландоодо
Бийлик жаңы Салык кодексинин 128-беренеси боюнча жаңы токтомду киргизүүнү жана базарларда контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө колдонууну жокко чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазып чыкты. 128-берене ККМ колдонууну жөнгө салат. Анда ККМ колдонбосо боло турган субъекттердин тизмеси Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат деп айтылат.