Энергетика тармагындагы апаат: жабдуулардын 70% эскирди жана миллиарддаган карыздар турат
Кыргызстандын энергетика тармагы үрөй учурарлык көрсөткүчтөрдү берүүдө. Мындай маалыматтарды Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурдин Кожогулов «Кыргызстандын энергетикасы» тегерек столунда билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Кожогуловдун айтымында, энергетикалык компаниялардын карыздык милдеттенмелеринин (насыялар, ссудалар) көлөмү 129 млрд сомдон ашты. Ошол эле учурда, электр