Кендерден чегерүүлөр түздөн-түз өнүгүү фонддоруна эмес, алгач бюджетке берилиши сунушталды
Алтын кендеринен чегерүүлөрдү түздөн-түз өнүгүү фонддоруна багыттабай, аларды кийинерээк тиешелүү фонддорго которуу үчүн алгач республикалык бюджетке чегерүү сунушталды. Долбоордогу түзөтүүлөр коомдук талкууга коюлуп, ЖКнын сайтында жарыяланды. Долбоордогу түзөтүүлөргө ылайык, алтындын бекитилген запасы 50 тоннадан ашыкты түзгөн жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр