акыркы жаңылыктар

Автоунааларды кайра каттоонун жол-жобосу – Нускама

Автоунааларды кайра каттоонун жол-жобосу – Нускама

Кыргызстанда 1-июндан баштап автоунааларды жеңилдетилген абалда кайра каттоо башталат.  Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) менчик ээлери үчүн аталган акциянын жол-жобосу тууралуу нускамасын жарыялады. Эскерте кетсек, акциянын алкагында автоунаанын орточо базар баасынан 0,3% өлчөмүндөгү акы алынбайт. Кайра каттоонун баасы 1360 сомду, эгер мамлекеттик номурду алмаштырбасаңыз, анда 460 сомду түзөт.

Кыргызстандык ишкерлердин маселеси – натыйжасыз бизнес. КОӨФнун төрагасынын орун басары Олег Кудяков менен маек

Бизнес маек

Кыргызстандык ишкерлердин маселеси – натыйжасыз бизнес. КОӨФнун төрагасынын орун басары Олег Кудяков менен маек

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду алты жылдык ишмердүүлүгүндө Кыргызстандын экономикасына дээрлик 400 миң $ инвестиция салган. Анын негизинде дээрлик алтымыштай ири өнөр жай ишканасы, кичи жана орто бизнес тармагында эки жүздөн ашык долбоорлор ишке кирген. Жалпысынан, каражаттын жарымы кичи жана орто бизнес жаатына сарпталган. Бүгүнкү күндө КОӨФ кичи жана орто бизнеске түзмө-

«Манас» аэропорту Баткенге дарыгерлерди жана аскер кызматкерлерин ташыган каттамдарды акы төлөөдөн бошотту

«Манас» аэропорту Баткенге дарыгерлерди жана аскер кызматкерлерин ташыган каттамдарды акы төлөөдөн бошотту

«Манас» эл аралык аэропорту Баткенге дарыгерлерди жана аскер кызматкерлерин ташыган аба каттамдарын майданды колдонуп тейленгендиги үчүн төлөнчү акыдан бошотту. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет. Компания Tez Jet авиакомпаниясынын учактарын 29-апрелден 7-майга чейин «Манас», «Ош», «Баткен» жана «Исфана» аэропортторунда тейленгендиги үчүн төлөнүүчү акыдан бошотуу чечимин кабыл алды.

Кыргызстанда алтынга негизделген пенсиянын жаңы модели сунушталды

Коом

Кыргызстанда алтынга негизделген пенсиянын жаңы модели сунушталды

Кыргызстанда алтынга негизделген пенсиянын жаңы модели сунушталды. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымына караганда, пенсиялык камсыздоонун азыркы модели он жылдан кийин жок болушу мүмкүн, андыктан бул тармак жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууда. Аталган документ коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды. Кыргызстанда проблемалардын бүтүндөй комплекси бар: калктын көпчүлүгүндө кирешенин аздыгы, эмгек

УБ үч коммерциялык банктагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлигин карады

УБ үч коммерциялык банктагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлигин карады

УБ 27-майда үч коммерциялык банктагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлиги боюнча макулдашуу өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирет. Ага ылайык: * Тимур Омоев – «Азия Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү * Бакыт Шамырканов – «Оптима Банк» ААКнын аудит боюнча комитетинин төрагасы жана директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү

Өкмөт социалдык объекттерди оңдоого жана курууга 2 млрд сомго жакын каражат бөлөт

Өкмөт социалдык объекттерди оңдоого жана курууга 2 млрд сомго жакын каражат бөлөт

Өкмөт быйыл социалдык объекттердин капиталдык ремонтуна жана курулушуна дээрлик 1,9 млрд сом каражат сарптайт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирет. Аталган каражат 174 соцобъекттин ремонтуна жана курулушуна кетет. • Алардын ичинен 92 курулуш объектиси болуп саналат * 63 мектеп жана спорт зал * 13 бала бакча * 7 саламаттыкты сактоо

«Кыргызалтын» Кумтөрдөгү алтын менен күмүштү сатуу тартиби тууралуу айтып берди

«Кыргызалтын» Кумтөрдөгү алтын менен күмүштү сатуу тартиби тууралуу айтып берди

«Кыргызалтын» ААК «Кумтөр» кенинен чыккан алтын менен күмүштү сатуу жол-жобосу тууралуу айтып берди. «Кыргызалтындын» маалыматы боюнча, баалуу металлдар 2009-жылдын 6-июнундагы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен «Кыргызалтын» ААК жана КРнын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтынды жана күмүштү сатуу жөнүндө кайра каралган келишимдин негизинде сатылат. Баалуу металлдарды сатуу тартиби этап-

Кыргызстандын эң ири энергетикалык компаниялары донорлорго 1,3 млрд доллар карыз

Кыргызстандын эң ири энергетикалык компаниялары донорлорго 1,3 млрд доллар карыз

Өлкөдөгү эң ири энергетикалык компания деп эсептелген «Бишкектеплосеть», «Түндүкэлектро», «Ошэлектро», «Электр станциялары» жана «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКдору донорлорго 1,3 млрд доллардан ашык карыз. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет. Эң көп эл аралык каржы институттарына «КУЭТ» ААК карыз. «Кыргызстандын улуттук электр тармактарынын» 2020-жылдын 31-декабрына карата карызы 787.

Тимур Файзиев 2020-жылдын август айында эле Elite House курулуш компаниясынын директорлук кызматынан кеткен

Тимур Файзиев 2020-жылдын август айында эле Elite House курулуш компаниясынын директорлук кызматынан кеткен

Тимур Файзиев Elite House компаниясынын башкы директорлук кызматынан 2020-жылдын август айында эле кеткен жана коррупцияга катыштыгы бар деген шек менен ага коюлган айыптар боюнча компания эч кандай комментарий бере албайт. Мындай маалымат Тимур Файзиевге коюлган айыптан кийин курулуш компаниясы жарыялаган билдирүүдө айтылды. «Тимур Файзиев боюнча компетенттүү органдар гана комментарий

Анталья – Бишкек – Анталья жаңы аба каттамы ачылды

Анталья – Бишкек – Анталья жаңы аба каттамы ачылды

Анталия – Бишкек – Анталия жаңы аба каттамы ачылды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Агенттиктин маалыматына таянсак, бул аба каттамы 2021-жылдын 25-майынан тартып ишке кирген. Рейсти түркиялык Freebird авиакомпаниясы жүргүзүүдө жана учак жумасына 2 жолу учуп жатат.

Бюджетти 7 млрд сомго толтурууга жардам берген салык кызматындагы санариптик долбоорлор

Бизнес маек

Бюджетти 7 млрд сомго толтурууга жардам берген салык кызматындагы санариптик долбоорлор

Салык кызматы салык жол-жоболорун санариптештирүү жаатында алгылыктуу иштерди жасады. Айта кетсек, 2020-жылы жай айында башталган «СМАРТ Салым» долбоору жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн. Фискализациялоо компоненттерин киргизүү  – МСКнын  техникалык тейлөөсүн оптималдаштырууга жардам берип, салык төлөөчүлөрдү заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылды. Бул иш-чаралардын бардыгы кыска убакыттын ичинде экономиканын канча бир

Кыргызстандык бренд премиум классындагы ичимдикти Кытайга экспорттоодо

Кыргызстандык бренд премиум классындагы ичимдикти Кытайга экспорттоодо

«Бир кур – бир жол» демилгесинин алкагында, ата мекендик компания «Нетфилд Трейд» ЖЧКсы Кытайга премиум классындагы алкоголдук ичимдиктердин биринчи партиясын экспорттоду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка таянсак, Кыргызстандын 10 тонна эң сапаттуу продукциясы Ордос аймагына жеткирилди. Бул ичимдик ал жерден Цзянсу, Чжэцзян, Гуандун, Түндүк-Чыгыш жана Кытайдын