акыркы жаңылыктар

Чакан жана орто бизнеске 153 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика

Чакан жана орто бизнеске 153 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрына карата "Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө" долбоорунун алкагында 52 субъектке жалпы суммасы 153,38 миллион сомго кредиттер берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААКсы тартылган. 2025-жылга долбоор боюнча жалпы насыя берүүнүн

Бишкекте майда көмүрдү сатууга жана колдонууга тыюу боюнча рейд өттү

Коом

Бишкекте майда көмүрдү сатууга жана колдонууга тыюу боюнча рейд өттү

Бишкек шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин координациясы менен майда (чачылма) көмүрдү ташууга, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салуунун аткарылышын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чара Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябры №639 токтомуна ылайык уюштурулуп, Мурманск көчөсүндөгү көмүр кампалары текшерилди. Рейд учурунда саткан пункттарга

Тоң районунда көлдүн жээгине балык кармоочу вершалар орнотулду

Коом

Тоң районунда көлдүн жээгине балык кармоочу вершалар орнотулду

Тоң районундагы Ысык-Көлдүн куймаларына балык кармоочу верша жана шандорлор орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Верша — балыктар кире алган, бирок кайра чыга албай турган өзгөчө кармоочу шайман, ал балык уругун табигый жана жасалма көбөйтүү үчүн колдонулат. Учурда балык кармоочу тосмо толук курулуп, анын негизинде Ысык-Көл форели балыгынын

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча эл аралык консультациялар өткөрүлдү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча эл аралык консультациялар өткөрүлдү

4-5-ноябрда Стамбулда КРнын Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин айлана-чөйрөгө жана социалдык тармакка тийгизген таасирин баалоо (АЧСТБ) долбоору боюнча эл аралык консультацияларды өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Кыргызстандын делегациясын министрдин орун басары Алтынбек Рысбеков жетектеди. Ошондой эле табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова жана

Кыргызстан Сирияга 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү

Коом

Кыргызстан Сирияга 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Сирияга 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу УКМК билдирет. Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды жеткирүү Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте жана Түркиянын тиешелүү органдарынын жардамы менен уюштурулду. Жардамга ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы жана башка азык-түлүк товарлары кирген. Кыргызстан тарабынан аткарылган гуманитардык акция мамлекет башчысынын жана элдин тынчтыкты

Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик стейблкоини USDKG чыгарылды

Экономика

Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик стейблкоини USDKG чыгарылды

Кыргызстан биринчи мамлекеттик стейблкоин USDKG чыгарып, аны Салыктык жана финансы рынокторун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы каттады. Эмитенти — «Виртуалдык активдер эмитенти» ААК, жалгыз түзүүчүсү Финанс министрлиги. Регистрациянын баасы 438,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Economist.kg сайты жазды. USDKG сомуна байланган жана Финансы министрлигинин активдери менен камсыздалган. Проекттин максаты

Бишкекте таштанды өрттөгөндөргө 2,38 млн сом айып пул салынды

Коом

Бишкекте таштанды өрттөгөндөргө 2,38 млн сом айып пул салынды

Бишкек муниципалдык инспекциясы суук түшүү менен экологияны коргоо жана жылытуу мезгилинде мыйзам бузууларды алдын алуу чараларын күчөттү. Акыркы жумада шаарда унаа майларын, тиричилик таштандыларын жана башка тыюу салынган материалдарды өрттөө фактылары катталган. Муниципалитеттен билдиришкендей, инспекция мончолордо, сауналарда, ишканаларда жана жеке менчик объектилерде рейддерди жүргүзүп, тигүү өндүрүшүнүн калдыктары, автоунаа майлары, боёк

Аймактарда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады

Экономика

Аймактарда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады

КРнын Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасы жана региондорундагы абал” тууралуу ар бир квалтал сайын берүүчү маалыматына караганда, өлкөнүн 7 дубанында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады. Былтыркы жылдын үчүнчү кварталына чейин өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 415 920,0 сом болсо, быйыл 2025-жылдын үч кварталында 511 430,3

"Менин шаарым" тиркемесинде муниципалдык менчикти ижарага алуу функциясы пайда болду

Коом

"Менин шаарым" тиркемесинде муниципалдык менчикти ижарага алуу функциясы пайда болду

Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору "Менин шаарым" тиркемесинде "Муниципалдык менчикти ижарага алуу" аттуу жаңы функция ишке киргенин маалымдайт. Бул функция ижарачылардын ыңгайлуулугу үчүн иштелип чыккан. Ал убакытты үнөмдөөгө, мекемелерге барып кагаз документтер менен иштөө зарылдыгын жоюуга жардам берет. Жаңы функция аркылуу колдонуучулар: Ижара келишимдерин көрө

IV Элдик Курултайга даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

Бийлик

IV Элдик Курултайга даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

Мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун төрагалыгы алдында Элдик Курултайга даярдык көрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында IV Элдик Курултайга даярдык көрүүчү негизги маселелер жана аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө багытталган чаралар талкууланды. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Курултай коом

Бишкек ЖЭБи цифралар менен: 366 МВт электр, 313 миң тонна көмүр...

Коом

Бишкек ЖЭБи цифралар менен: 366 МВт электр, 313 миң тонна көмүр...

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2025-жылдын 5-ноябрында штаттык режимде иштеп, орточо электр кубаттуулугу 366 МВтга жетти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Суткалык отун керектөөсү төмөнкүдөй: көмүр – 6,086 миң тонна, газ – 234 миң нм³. Бишкек ЖЭБинде бардыгы 15 казан агрегаты жана 7 кайчылаш байланышкан турбиналык агрегат иштейт.

Чаткалдагы таза суу көйгөйүн чечүүгө 146,7 млн сом бөлүнөт

Коом

Чаткалдагы таза суу көйгөйүн чечүүгө 146,7 млн сом бөлүнөт

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жаңы-Базар, Курулуш жана Ак-Таш айылдарынын таза суу көйгөйүн чечүү боюнча 146,7 млн сомдук долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Долбоор боюнча жалпы 9 800 метр суу түтүгү тартылып, 1 058 кожолук таза суу менен камсыз болот. Долбоор аяктагандан кийин Чаткалдын