Экономика
Былтыр Солтон-Сарынын Бучук тилкесинен 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн
Нарын райондук администрациясы берген маалыматка ылайык 2025-жылы Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинде 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн. Кендеги алтын ылгоочу фабрика 2024-жылдын октябрь айында сыноо режиминде иштей баштаган. Ишкана жылына 600 миң тонна кен иштетүүгө жана болжол менен 1,8 тонна алтын өндүрүүгө эсептелген. Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 12 млрд сом