"Тазалык" муниципалдык ишканасынын абоненттик базасы 1 миллиондон ашты

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын абоненттик базасы 1 миллиондон ашты

 "Тазалык" муниципалдык ишканасынын абоненттик базасы көбөйүп, учурда 1 миллиондон ашык адамды түзгөнүн Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтылды.

Ишкананын директору Жолдош Чуштуков билдиргендей, 2025-жылы "Тазалык" ишкананын абоненттеринин саны 1 млн 41 миң адамга жетти. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 155 миң адамга көп.
Ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны 19 миң 395ке көбөйгөн. 2024-жылы алардын саны 3 миң 287ге аз болчу.

Жолдош Чуштуковдун маалыматына ылайык, азырынча "Тазалык" ишканасынын балансына өткөрүлө элек үч жаңы конуш бар. Алар — "Калыс-Ордо", "Ак-Ордо" жана "ТЭЦ-2" турак жай массивдери. Учурда бул аймактарды жеке компаниялар тейлеп жатат.

Административдик-аймактык реформанын алкагында аталган турак жай массивдери шаар аймагына кошулган.

Мындан тышкары окуңуз

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Талантбек Жекшенов Сеул эл аралык достук ассоциациясынын президенти Су Жу Ли жана "FabLab Bishkek" борборунун директору Джу Серена менен жолугушту. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, Бишкек шаарында иш издеп каттоодо турган жаштар үчүн санариптик технологиялар боюнча

Коопсуздук талаптарын аткарбаган объектинин курулушу токтотулду

Коопсуздук талаптарын аткарбаган объектинин курулушу токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан Моминов көчөсүндө курулуп жаткан 5 кабаттуу кеңсе имаратына кайрадан текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук талаптары бузулганы аныкталды. Тактап айтканда, имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолордун жоктугу аныкталып, жакын жайгашкан турак

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

Оштогу “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында атайын дрондордун жардамы менен абадан көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер таштандыларды тушкелди таштоого жол бербөө, өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатын көздөйт. Министрликтин Ош регионалдык

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен биргеликте шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Манас шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жетекчилер алгач Балдар чыгармачылык борбору жана Жаштар борборунун абалын көрүп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мындан тышкары, мурдагы темир жолдун ордуна