Коом
Бишкек менен Чжучжоунун мэрлери тажрыйба алмашышты
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытайдын Чжучжоу шаарынын мэри Чэн Хуэйцин менен жолугушуп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана өнөр-жай тармагындагы кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жолугушууда мэр Бишкек менен Чжучжоунун транспорт, жеңил өнөр-жай жана башка тармактарда тажрыйба алмашуу боюнча кызматташуусуна кызыкдар экенин белгилеп, инвестициялык климатты жакшыртуу жана жеке секторду колдоону артыкчылык