Жети облуста кургак портторду куруу пландалып жатат

Жети облуста кургак портторду куруу пландалып жатат

Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов KyrgyzTransLogistic 2025 эл аралык көргөзмөсүнүн  алкагындагы панелдик сессияда  Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде өлкөнүн ар башка региондоруна кургак портторду куруу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, учурда Ат-Башыда кургак порт куруу долбоору ишке ашып жатыптыр жана ошондой эле мындай долбоор Ивановка айылында иштелип жатат. Кийинки жылдарда “Кыргыз почтасы” жана башка уюмдар менен кызматташуу аркылуу мындай порттор жети облуста тең курулуш керектигин баса белгилейт мамчиновник. 

Кургак порт – бул деңиз порту менен автомобиль жана темир жолдору менен байланышкан ички терминал. Ал товарларды сактоо,  кайра иштетүү жана бажылык каттоо кызматтарын сунуштоо менен деңиз портунун кургакта жүктөрдү бир жерден экинчи жерге жеткирүү функциясын аткарат. Бул өз кезегинде логистикага кеткен убакытты жана чыгымдарды азайтып, деңиз портторун бошотот жана шаардын транспорт инфраструктурасындагы чыңалууну азайтат. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

20-июнда жол тыгынын азайтуу жана транспорт агымын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Чүй проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде жаңы жол чырактар орнотулуп, пилоттук негизде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жаңы жол чырак объектилеринин иштөө алгоритми, унаа агымына тийгизген таасири жана белгилүү бир убакыт

Бишкекте Васильевский тракт көчөсү оңдолот

Бишкекте Васильевский тракт көчөсү оңдолот

Бишкек шаарындагы жол инфраструктурасын жаңылоо иштеринин алкагында Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, 23-июндан тарта иштер Фучик көчөсүнөн тартып “Манас” эл аралык аба майданына чейинки тилкеде башталат. Оңдоп-түзөө иштери этап менен айрым бөлүктөргө бөлүнүп жүргүзүлөт. Иштер жүрүп жаткан учурда жол

Кызыл-Булак – Тамаша жолун сел алып кетти

Кызыл-Булак – Тамаша жолун сел алып кетти

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 120-121- чакырым аралыгында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен жолго түшкөн таштар жана сел калдыктары өз убагында тазаланды. Каттам эки тараптуу ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, Кызыл-Булак – Тамаша автожолунун  0-чакырымында 200 метр аралыктагы жолду сел алып кеткен.  Учурда жеринде министрликтин №46

Тараз – Нылды – Покровка жолу селдин агындыларынан тазаланды

Тараз – Нылды – Покровка жолу селдин агындыларынан тазаланды

20-июнда саат 18:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Талас облусундагы Тараз – Нылды –Покровка унаа жолунун 13–14-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыккан. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеринде №19 Жол тейлөө ишканасы филиалы тарабынан ыкчам түрдө атайын техника тартылып, тазалоо иштери