Экономика
Кыргызстанда “жашыл” экономика үчүн жаңы борборлор ачылды
Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев өлкөдөгү адамдык капитал менен билим берүү потенциалын өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал Бишкектеги №100 кесиптик лицейинин 85 жылдыгынын алкагында ачылган Жашыл энергетика боюнча окуу борборунун жана Борбордук Азиянын Жогорку бизнес мектебинин (БАЖБМ) салтанаттуу