Кыргызстанда “жашыл” экономика үчүн жаңы борборлор ачылды

Кыргызстанда “жашыл” экономика үчүн жаңы борборлор ачылды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев өлкөдөгү адамдык капитал менен билим берүү потенциалын өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал Бишкектеги №100 кесиптик лицейинин 85 жылдыгынын алкагында ачылган Жашыл энергетика боюнча окуу борборунун жана Борбордук Азиянын Жогорку бизнес мектебинин (БАЖБМ) салтанаттуу ачылыштарына катышты.

Данияр Амангельдиевдин айтымында, жаңы окуу борбору студенттерге кайра жаралуучу энергия булактары боюнча заманбап билим алууга шарт түзөт. Ал эми Борбордук Азиянын Жогорку бизнес мектеби — региондогу бизнес-билим берүүнүн жаңы этабы. Ал өлкө экономикасын өнүктүрө ала турган инновациялык лидерлерди жана ишкерлерди даярдоого багытталган.

Амангельдиев билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана адамдык потенциалды өнүктүрүү өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон кала берерин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Суу өчүрүлө турган аймак: Маевка айылы: Скворцов көчөсү - Шаттык көчөсү - Чүй-39 көчөсү - Түлөбердиев көчөсү - Жапаров

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарынын Көчкөнөв көчөсүндөгү №135 даректе муниципалдык ипотекалык ишкана кура турчу көп батирлүү турак үйдүн курулушуна мезгил кутусун салышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Белгиленгендей, долбоорду муниципалдык ипотекалык

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

19-20-июлда өлкө аймагында абанын табы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз абанын температурасы +41...+43 градуска чейин жетет. Кыргызгидромет күндүн эң ысык маалында сыртта көп жүрбөөгө, жетиштүү суюктук ичүүгө жана өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугарууга чакырды. Ошондой эле абанын

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

Бишкекте АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кескин жогорулап, айрым май куюучу жайларда литри 109,9 сомго чейин жетти. Ошол эле учурда айрым түйүндөрдө күйүүчү май таптакыр жок болуп, айдоочулар арасында нааразычылык күчөдү. Бишкек шаарындагы май куюучу жайлардын абалына сереп салсак, анын жыйынтыгы төмөндөгүдөй: -        Bishkek Petroleum май куюучу жайларында АИ-95