Коом
Эми “Пикир” платформасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды баалай аласыз
Бишкек шаарында “Пикир” мамлекеттик маалымат системасы иштей баштады. Жарандар QR код аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын баалай алышат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ал үчүн смартфонуңуздун камерасын QR кодуна буруп, пикир билдирүү колдонмосуна шилтемени басыңыз. Кантип пикир калтырууга болот: 1. QR-кодду сканерлеңиз. 2. Электрондук почтаңызды киргизиңиз. Эгер катталбаган болсоңуз, төмөнкү