акыркы жаңылыктар

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

Транспорт

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

29-мартта China Southern Airlines авиакомпаниясынын Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу маршруту боюнча биринчи каттамы ишке ашканын кечээ "Кыргызстан Аэропорттору" ААКы билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, регулярдуу каттамдар апта сайын эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Биринчи каттам менен эл аралык Манас аэропорту аэропортуна 134 жүргүнчү келди, кайтарма каттам менен

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Экономика

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Саясат

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Коом

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

Коом

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

1-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Лермонтов, Ауэзов, Ш. Баатыр жана Көлбаев көчөлөрүнүн аралыгы, ЖЭБ–Токмок каналы, ошондой эле Аламүдүн кичи району жана Куруучулар шаарчасы. Суу берүү "Каджисай" суу топтомосунда жана

Кайсы учурда мүлккө салык милдеттүү болот?

Кыймылсыз мүлк

Кайсы учурда мүлккө салык милдеттүү болот?

Батирдин аянты 80 чарчы метрден, ал эми жеке турак үйдүн аянты 150 чарчы метрден ашкан учурда гана мүлк салыгы эсептелет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов “Кабардагы” маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мисалы, аянты 200 чарчы метр болгон жеке үйдүн 150 чарчы метри салыктан бошотулуп, калган

Зардалыда кичи футбол аянтчасы курулууда

Коом

Зардалыда кичи футбол аянтчасы курулууда

Баткен облусунун Зардалы айылында кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов айылдын социалдык жана инфраструктуралык абалы менен таанышып, президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен салынып жаткан спорт аянтчасын көрүп чыкты. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 29-сентябрында мамлекет башчысы Зардалы айылына барган учурда жергиликтүү

"Келечек" борборунда 3 жылда 1800дөн ашык бала реабилитациядан өттү

Коом

"Келечек" борборунда 3 жылда 1800дөн ашык бала реабилитациядан өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Келечек" реабилитациялык борборунда 2023-2026-жылдары 1869 майыптуулугу бар бала реабилитациялык кызматтарды алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 2026-жылдын биринчи кварталында 174 бала реабилитация курсунан өттү. Алардын 71и кыз, 103ү эркек балдар. Борбордун кызматтарын алган балдардын көбү Бишкек шаарынан — 91 бала.

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Коом

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Кызыктуу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Коом

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ноокат районундагы Грейд-Шарон жана Федоров каналдарына жаңы технология менен бетон полотно орнотулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы 1700 метр аралыкка бетон полотно төшөлүп, бул иштерге 20 млн 500 миң сом каражат каралган. Долбоорду райондук суу чарба башкармалыгы ишке

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Экономика

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туристтик тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1,098 млрд АКШ долларына жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га өстү. Туризм өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеп, жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда. Жыл жыйынтыгында