Нотариалдык системаны пайдалануу үчүн акы төлөнө баштайт
Министрлер кабинети Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасын пайдалануу үчүн акы киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Документке ылайык, төлөм жеке нотариустардан нотариалдык аракеттерди жасоодо жана система аркылуу техникалык кызматтарды көрсөтүүдө алынат. Акынын өлчөмү Юстиция министрлиги тарабынан монополияга каршы орган менен макулдашуу аркылуу аныкталат. Түшкөн каражаттар төмөнкү максаттарга багытталат: * системанын техникалык колдоосу, * киберкоопсуздукту