акыркы жаңылыктар

Улуттук банк: эски эмес чет өлкө валюталарын 1-октябрга чейин сыртка алып чыгуу керек

Банктар

Улуттук банк: эски эмес чет өлкө валюталарын 1-октябрга чейин сыртка алып чыгуу керек

Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 11-мартындагы "КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы "КРнын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынды.  Ага ылайык, "2026-жылдын 1-апрелине&

Орто-Сайдагы көрүстөнгө жакын курулуш боюнча түшүндүрмө берилди

Коом

Орто-Сайдагы көрүстөнгө жакын курулуш боюнча түшүндүрмө берилди

Бишкек шаарындагы Орто-Сай айылында көрүстөнгө жакын курулуп жаткан 4 кабаттуу үй боюнча социалдык тармактарда тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, курулушка уруксат тиешелүү мамлекеттик органдардын расмий документтеринин негизинде берилген. Тактап айтканда, Таш-Төбө айыл

Нарын облусундагы 13,2 гектар жер чек ара аскер базасын куруу үчүн берилди

Кыймылсыз мүлк

Нарын облусундагы 13,2 гектар жер чек ара аскер базасын куруу үчүн берилди

Министрлер кабинети 11-марттагы токтому менен Чек ара кызматы үчүн жаңы аскер базасын куруу максатында Нарын облусундагы 13,2 гектар айыл чарба жерин коргонуу багытындагы жер категориясына өткөрдү. Сөз Нарын районундагы Дөбөлү айыл аймагында жайгашкан жер тилкеси тууралуу болуп жатат. Бул жер мурда сугат айдоо жери статусуна ээ болуп, мамлекеттик

Бишкекте 90 миң долларды алдап алууга шектелген адвокат кармалды

Коом

Бишкекте 90 миң долларды алдап алууга шектелген адвокат кармалды

Ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, милицияга К.Э. аттуу жаран кайрылып, чала тааныш аялдар анын ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын алдап алышканын билдирген. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, өздөрүн Р.А. жана К. деп тааныштырган аялдар Бишкек шаарынан базар баасынан

Бонецкий лабораториясы жеңилдиктерди эмнеге 40%га түшүрдү?

Экономика

Бонецкий лабораториясы жеңилдиктерди эмнеге 40%га түшүрдү?

Депутат Жылдыз Курманалиева "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында Бонецкий лабораториясында оор абалдагы бейтаптар үчүн берилүүчү жеңилдиктер эмне үчүн 50%дан 40%га чейин төмөндөп кеткенине кызыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева учурда лаборатория 40%дык арзандатуу берип жатканын жана ал дагы

Сузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга соттолду

Коом

Сузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга соттолду

Сузак районунда алимент төлөөдөн узак убакыт бою баш тартып келген жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Сузак райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө А.Л.А. аттуу жарандан бир баланы багуу үчүн алимент өндүрүү боюнча иш каралып келген. Бирок карызкор жаран алимент төлөө милдетин аткарбай,

Сокулук райондук прокуратурасынын жаңы  имараты ачылды

Коом

Сокулук райондук прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Башкы прокурор Максат Асаналиев Сокулук райондук прокуратурасынын жаңы административдик имаратын ачты. Ачылыш аземине жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, прокуратура кызматкерлери жана ардагерлер катышты. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, иш-чарада сөз сүйлөгөн Башкы прокурор жаңы имараттын пайдаланууга берилиши прокуратура органдарынын ишин сапаттуу уюштурууга жана жарандардын кайрылууларын ыкчам кароого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ошондой

Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөр текшерилүүдө

Коом

Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөр текшерилүүдө

Коомдук транспортто тартипти сактоо жана жүргүнчүлөрдүн коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында Бишкек шаарында рейд жүрүп жатат. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жол кирени өз убагында төлөөсү жана накталай эсептешкен учурда жол жүрүү талонун алуусу көзөмөлдөнөт. Бишкек шаардык транспорт муниципиалдык ишканасынан билдиришкендей, автобуста накталай төлөм жүргүзүп, сөзсүз талонду алуу шартталат. Эгерде талон албаса,

Кыргызстан ИДПсы 2030-жылга карата 32 млрд долларга жетиши мүмкүн

Экономика

Кыргызстан ИДПсы 2030-жылга карата 32 млрд долларга жетиши мүмкүн

Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп, мурда коюлган божомолдордон ашып кетиши мүмкүн экенин брифингде Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, 2030-жылга ИДП 30 млрд доллар болот деп пландалган. Бирок алдын ала эсептөөлөр боюнча бул көрсөткүч 31–32 млрд долларга жетиши мүмкүн. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-

Касымалиев Ысык-Көлдөгү 150 млн долларлык медкластердин долбоору менен таанышты

Касымалиев Ысык-Көлдөгү 150 млн долларлык медкластердин долбоору менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар медициналык мекемелерди көрүп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал Каракол шаарындагы 1968-жылы курулган, 550 орунга ылайыкталган облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты. Ошондой эле МинКаб башчысы Караколдо

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Экономика

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Бүгүн «Кумтөр Голд Компани» 2025-жылы өндүрүлгөн алтындын көлөмү, анын өздүк наркы жана компаниянын өндүрүштүк-каржылык ишмердүүлүгүнүн башка аспектилери боюнча маалымат таратты. Билдирүүгө караганда, Кумтөрдөгү тоо-кен казып алуунун шарттары оорлошуп, алтынды ылгап алуу да татаалдашып, алтындын өздүк наркына таасир этти. 2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсепке

Экономика министрлиги Кытай компанияларын  Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика

Экономика министрлиги Кытай компанияларын Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика жана коммерция министрлиги Кытай компанияларына өндүрүштөрүн Кыргызстанга ачууга чакырганын брифингде министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, жакында Кытай мамлекетине бир нече иш сапарлар уюштурулуп, анда кыргыз тарап жергиликтүү компанияларга өндүрүштөрүн Кыргызстан аймагына жайгаштырууну сунуштаган. Ал белгилегендей, Кытайдан АКШга экспорттолгон айрым товарларга 10%дан 50%га чейин