Кыймылсыз мүлктү, сентябрдан тарта унааларды онлайн кайра каттоо башталат
Жыл аягына чейин кыймылсыз мүлктү, унааларды онлайн кайра каттоо башталат. Бул тууралуу президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев "Спутник" радиосуна берген маегинде билдирди. Буржуев кыймылсыз мүлктү, унааларды кайра каттоо сыноодогу долбоор экенин, кыргызстандык адистер долбоорду ишке ашырууда эл аралык стандарттарга жооп берген технологияларды колдонуп, коопсуздукка өзгөчө