Сеулда Кыргызстандын токой чарбасы боюнча жаңы долбоору бекитилди
Кыргызстан Сеулда өткөн AfoCO (Азия токой кызматташтыгы уюму) уюмунун 13-сессиясына жана Азия токойлору достугу форумуна катышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматы билдирди. Кыргызстан атынан аталган иш чарага аталган кызматтын санариптик өнүгүү жана токой-мергенчилик чарбасы боюнча башкармалыктын жетекчиси Ызак Бекболот, Кара-Алма–Үрүмбаш токой чарбасынын директорук Элмирбек Анарбай уулу барган. Ассамблеянын