акыркы жаңылыктар

Илимий изилдөөлөргө мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүү 50%га жогорулады

Коом

Илимий изилдөөлөргө мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүү 50%га жогорулады

Илим күнүнө карата Улуттук статистикалык комитети 2024-жылы мамлекеттик бюджеттен илимий изилдөөлөргө жана ойлоп табууларга 893 млн. сом сарпталганын жазды. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу бул багытта казынадан акча бөлүү 50%га өскөнүн билдирет.  Ошондой эле өткон жылы академияда 1315 кызматкер илимий иштерди жүргүзүшкөн. Анын 129 илимдин докторлору болсол, 256сы илимдердин кандидаттары.

Акыркы эки жылда жалпы кубаттуулугу 90 мегаваттан ашык 13 жаңы ГЭС курулган

Энергетика

Акыркы эки жылда жалпы кубаттуулугу 90 мегаваттан ашык 13 жаңы ГЭС курулган

Президент Садыр Жапаров өткөн апта аягында   электр энергиясы маселеси тууралуу калкка кайрылуу жасап, акыркы 3 жылда курулган жана келечекте курула турган ГЭСтер тууралуу кенен маалымат берди.   “Биз 3 жылдан бери массалык түрдө ГЭСтерди, күндөн жана шамалдан энергия алчу станцияларды куруп жатабыз. Бирок ошого карабастан, кышкысын энергия жетишпейт. Себеби жыл сайын

Бишкекте документсиз уюлдук телефондор сакталган кампа аныкталды

Коом

Бишкекте документсиз уюлдук телефондор сакталган кампа аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында өткөрүлгөн рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө келип чыгышын тастыктаган баштапкы документтери жок уюлдук телефондор жана башка түзүлүштөр сакталган кампаны аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Кампанын имаратын текшерүү учурунда баштапкы документтери жок 487 даана уюлдук телефон, 1 929 куту зымсыз гарнитура, 408 даана зым жана кабелдер, 9

Кыргызстан инновациялык курулуш боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Коом

Кыргызстан инновациялык курулуш боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө

6-7-ноябрда Кытайдын Пекин шаарында "Кытай – Борбор Азия 2025" аттуу эл аралык курулуш конференциясы болуп өттү. Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Конференцияга Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн курулуш министрликтери, шаар куруу боюнча улуттук институттар, илимий борборлор, тармактык

Бишкек автопаркы 95 жаңы автобус менен толукталат

Коом

Бишкек автопаркы 95 жаңы автобус менен толукталат

Бишкек шаарына жакынкы күндөрү 95 жаңы эко автобус жеткирилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, бардык автобустар заводдон чыгып, Бишкекке жолго чыккан. Бул жеткирүү шаардык коомдук транспортту модернизациялоо жана автопаркты жаңылоо программасынын алкагында ишке ашууда. Жаңы автобустар шаардыктар үчүн жүрүүдө ыңгайлуулукту жана коопсуздукту жогорулатып, зыяндуу заттардын абага бөлүнүшүн

С.Жапаров: "Кыргызстанда электр энергиясы башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу кыйла арзан"

Саясат

С.Жапаров: "Кыргызстанда электр энергиясы башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу кыйла арзан"

Президент Садыр Жапаров жуманын аягында   электр энергиясы, тышкы жана ички карыз,айдоочулук күбөлүк маселелери боюнча элге кайрылуу жасады. Анда өлкө башчы элди электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырды.  “Ар бир күйүп турган 100 ваттык лампочка бир саат тынымсыз күйсө, Токтогул ГЭСинен 270 литр суу кетип жатат деп билиңиздер. Ошондуктан түнкүсүн баарын

Токтогул районунда жеке ишкер форель икрасын чыгаруучу цех долбоорун сунуштады

Бизнес

Токтогул районунда жеке ишкер форель икрасын чыгаруучу цех долбоорун сунуштады

Токтогул районунун А.Сүйөркулов айыл өкмөтүнүн жашоочусу жеке ишкер Айдарбек Табалдиев райондук өнүгүү фондуна форель икрасын өндүрүү боюнча цехти куруу долбоорун сунуштады. Долбоор фондун байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган.  Бул демилгени колдоо үчүн райондук өнүгүү фондунан 5 млн сом бөлүнгөн. А жек ишкердин өзүнүн салымы 6 млн сомду түзөт.     Бул долбоорду

Кыргызстанга Беларусиядан күйүүчү май келет

Экономика

Кыргызстанга Беларусиядан күйүүчү май келет

Кыргызстанга Беларусиядан белгилүү бир көлөмдө күйүүчү май ташылып келерин “Кабар” агенттигине Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү майдын запасы азайып бара жаткандыктан, бул маселени чечүү боюнча Министрлер кабинети менен жолугушуулар өткөрүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. “Учурда биздин бир компания Беларусиядан бир компания менен келишим түздү.

Грин-карт лотереясы сакталат, бирок каттоо нөөмөтү өзгөрүлөт

Коом

Грин-карт лотереясы сакталат, бирок каттоо нөөмөтү өзгөрүлөт

АКШ мамлекеттик департаменти Diversity Visa (DV-2027) лотереясына катышуу арыздарын берүү процедурасындагы техникалык өзгөрүүлөр тууралуу билдирди.  Ведомствонун расмий сайтында программа сакталары, бирок өзгөрүүлөр каттоо мөөнөттөрүнө жана натыйжаларды жарыялоого гана тийиш экени айтылган.  Тактап айтканда,   DV-2027 жеңүүчүлөрү иммиграциялык визаларга документтерди мурда бекитилген мөөнөттө – 2026-жылдын 1-октябрынан 2027-жылдын 30-сентябрына чейин тапшыра алышат. Ошентип бул

Кыргыз геологиялык кызматы менен көмүр компаниялары кышкы даярдыкты талкуулашты

Коом

Кыргыз геологиялык кызматы менен көмүр компаниялары кышкы даярдыкты талкуулашты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз геологиялык кызматы менен өлкөдөгү ири көмүр казып алуучу ишканалардын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууга Геологиялык кызматтын директорунун орун басары А.Ж. Курманалиев, жер казынасын иштетүү башкармалыгынын начальниги А.С. Сакимбаев жана көмүр тармагындагы негизги ишканалардын жетекчилери катышты.

АКШда кыргыз-америкалык Ишкердик кеңешинин тегерек столу өттү

Экономика

АКШда кыргыз-америкалык Ишкердик кеңешинин тегерек столу өттү

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-америкалык Ишкердик кеңешинин тегерек столун өткөрүп, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, соода алакаларын бекемдөө жана жаңы долбоорлорду ишке

ЖКнын экс депутаттары Ж.Акаев, М.Самыйкожо жана Ч.Султанбекова эми РФге кире албайбы?

Коом

ЖКнын экс депутаттары Ж.Акаев, М.Самыйкожо жана Ч.Султанбекова эми РФге кире албайбы?

Россия өздөрүн “ишенимдүү өнөктөш” катары көрсөткөн өлкөлөрдөгү русофобиялык жүрүм-турумдарга мындан ары чара колдонот. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин акыркы чакырылышындагы үч депутаты — Жанарбек Акаев, Мирлан Самыкожо жана Чолпон Султанбекова — мындан ары Россия Федерациясына киришине тыюу салынды. Мындай билдирүүнү Россиянын ЖМК булактарында жазып чыгышты. Маалыматка караганда, буга Борбор Азия аймагында русофобиянын жайылышы жана