Коом
Ошто мыйзамсыз деп табылган 2,46 га жер мамлекетке кайтарылды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусундагы аймактык башкармалыгынын доо арызы Ош облусунун административдик соту тарабынан канааттандырылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, соттук териштирүүдө Кара-Суу районуна караштуу Датка айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары мыйзамды бузгандыгы аныкталды.