Президент балык тоютун өндүрүүчү заводдун иши менен таанышты

Президент балык тоютун өндүрүүчү заводдун иши менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсына таандык балык тоютун өндүрүүчү заводдун иш шарттары менен таанышты.

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, ишкананын курулушуна 5 миллион доллар жумшалып, завод болжол менен 7 гектар жерде курулган.

Маалыматта айтылгандай, завод сегиз айдын ичинде курулуп бүткөрүлгөн. Толук кубаттуулукта иштей баштаганда суткасына 100–130 тонна продукция өндүрө алат. Ишкананын ишке кириши менен 100дөн 120га чейин туруктуу жумуш орундары түзүлөт. Заводдун жетекчиси Илгиз Сарылдык уулу бул көрсөткүч республикадагы ички муктаждыктарды толук камсыздоого жана экспорттук багытты өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Өлкө башчы заводдун жетекчилигине сапат стандарттарын катуу жана үзгүлтүксүз сактоо зарылдыгына өзгөчө көңүл буруп, бул талап балык чарба тармагынын туруктуу өнүгүшүнүн жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчысы кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү катары иш алып барат. Ошондой эле Жарлыкка ылайык, ага 2026-жылдын 31-декабрына чейин Министрлер

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасына барып, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы алынган атайын техникалар менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган.

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу жайлоолорго кар жаап, айрым аймактарда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө Арпа өрөөнүндө калың кар түшүп, жайлоодогу малчылардын ишине кыйынчылык жаралган. Айрым маалыматтар боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам мал арасында жоготуулар да каттала баштаган.

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун калыптандырууга багытталган "Жаш кадрлар мектеби" долбоорунун катышуучулары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, мамлекеттик кызматка кесипкөй кадрларды тартуу жана келечектеги лидерлерди даярдоо маселелери талкууланды. Улан Маматканов бүгүнкү күндө Кыргызстан