Экономика
Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбооруна 1,5 млрд сом багытталат
Кыргызстанда эттин баасын турукташтырууга жана эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган пилоттук долбоорду ишке киргизүү пландалып жатканын радио эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди. Анын айтымында, долбоордун негизги максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз