акыркы жаңылыктар

Бишкекте заманбап жаңы спорт комплекс ачылды

Экономика

Бишкекте заманбап жаңы спорт комплекс ачылды

Бишкек шаарында Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин базасында курулган жаңы спорттук комплексинин ачылышы болгонун УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Жаңы комплекс спорт, билим берүү жана жаштарды ар тараптуу өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында түзүлгөн. Анын курамына күрөш залы, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, фудкорт, заманбап жатаканалар, конференц-зал

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Кыймылсыз мүлк

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Депутат Илимбек Кубанычбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларын жакынкы шаарларга көчүрүүнү сунуштады. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы жол тыгындары маселесин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Илимбек Кубанычбеков бул көйгөйдү чечүүгө багытталган бир катар сунуштарды ортого салды. Анын айтымында, автоунааларды реэкспорттоо жана каттоо менен алектенген ишканаларды шаардын сыртына — мисалы, Токмок же

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

Кыймылсыз мүлк

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

2025-жылдын аягында Кыргызстанда 315 базар иштеп турган, алардын ичинен 154ү аралаш күнүмдүк базарлар категориясына кирет. Ошондой эле өлкөдө 95 соода борбору бар экенин Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат. Базарлар инфраструктурасы Базарлардагы соода орундардын жалпы саны 83 миң 416 бирдикти түзгөн. Аянттардын негизги бөлүгүн кийим-кече базарлары (29 миң 48 орун) жана

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Транспорт

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова 5-февралда борбор калаадагы кооптуу аймактарга жөө жүргүнчүлөр үчүн светофорлорду орнотуу маселесин көтөрдү. Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча комиссиянын жыйынында депутат сатып алынуучу светофорлордун саны, сметанын бар-жогу жана алар орнотулуучу жерлер тууралуу сурап, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Транспорт жана жол-транспорттук

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

Кыймылсыз мүлк

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

2025-жылдан бери жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында активдер болжол менен 1,6 млн долларга сатылганын "B5+1" форматындагы эки күндүк бизнес-форумдун алкагында өткөн бизнес- жолугушууда Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирди. Кеңештин маалыматына ылайык, 2025-жылдын сентябрь айына карата жер казынасын пайдаланууга 2005 лицензия берилген. Анын

Каржы министрлиги Дүйнөлүк банк менен экология жана ишкерликти колдоону талкуулады

Бизнес

Каржы министрлиги Дүйнөлүк банк менен экология жана ишкерликти колдоону талкуулады

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлордун аткарылышы боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө багытталган демилгелердин учурдагы абалы талкууланды. Негизги көңүл "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" жана "Микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы

Б.Төрөбаев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде суу жана климат маселелерин көтөрдү

Коом

Б.Төрөбаев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде суу жана климат маселелерин көтөрдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Саммиттин алкагында өткөн министрлердин тегерек столунда сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Төрөбаев дүйнө жүзү климаттык, суу, азык-түлүк жана социалдык кризистердин бири-бири менен байланышкан татаал айкалышына туш болуп жатканын белгиледи.

Бишкекте 7 миң ар кандай мамылар демонтаждалат

Транспорт

Бишкекте 7 миң ар кандай мамылар демонтаждалат

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 2026-жылы Бишкек шаарында 7 миңге чейин ар кандай мамыларды  демонтаждоону пландап жатканын 5-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди. Буга чейин депутат Эмир Марлисбеков 2026-жылга карата бюджет долбоорунда каралган 44 млн 983 миң

Эски Ош базарында 8,5 миң соода оруну бар экени айтылды

Кыймылсыз мүлк

Эски Ош базарында 8,5 миң соода оруну бар экени айтылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Куванычбек Конгантиев жаңы Ош базары боюнча долбоорду ишке ашырууга ким жооптуу экенине кызыкты. "Кечээ жеринде барып көрүү учурунда Иш башкармалыгынын жетекчиси 916 соодагер көчүрүлүп, ар бири өз ордун ала турганын айтты. Бирок бүгүн Ленин районунун акиминин айтымында, учурда Ош базарында 8,5 миң соода орду

"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты

Кыймылсыз мүлк

"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты

Курулуш министрлигинин шаар куруу департаментинин алдындагы Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору "Бурана" археологиялык-архитектуралык музей комплексинин аймагын көрктөндүрүүгө багытталган жаңы эскиздик долбоорду даярдашты. Долбоордо комплексине чектеш аймакты жашылдандыруу, чакан архитектуралык формаларды орнотуу, ыңгайлуу унаа токтотуучу жайларды түзүү, ошондой эле зыяратчылар үчүн комфорттуу коомдук мейкиндикти уюштуруу каралган.

Кыргызстанды толук газдаштыруу 2030-жылы аякташы мүмкүн

Энергетика

Кыргызстанды толук газдаштыруу 2030-жылы аякташы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 2026-жылдын 5-февралында парламент жыйынында өлкөнү газдаштыруу иштери качан толук аяктай турганына кызыкты. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын экономика жана финансы боюнча башкы директорунун милдетин аткаруучу орун басары Арзымат Алдаяровдун маалыматына ылайык, компания Кыргыз Республикасын толук газдаштырууну жакынкы 5 жылдын ичинде, болжол менен 2030-жылга чейин бүтүрүүнү

Сезондук мигранттан — агро ишкердикке: Кубаныч Тагаев келечектин фермасын кантип ачты

Бизнес маек

Сезондук мигранттан — агро ишкердикке: Кубаныч Тагаев келечектин фермасын кантип ачты

Бүгүн “Ишкер медиа” “Борбордук Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбоорунун катышуучулары жөнүндө макалалардын топтомунун биринчи материалын жарыялайт. Бул макалада эмгек миграциясындагы кыйынчылыкты жеңип гана тим болбостон, ошону менен бирге ишкердиктин комплекстүү негиздери тууралуу окуудан өтүп, андан кийин демилгенин колдоосу менен “1+1” каржылоосунун натыйжасында өз ишин ачууга жетишкен