Энергетика
Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда
"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор