Айгерим Качкынбекова

Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлүндү

Бийлик

Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлүндү

2025-жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча мамлекет Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлгөн, анын 8,1 млрд сому толук каржыланган, деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн коллегияда. Бул каражат 357 объектке жумшалды. Анын ичинен 242 социалдык объектке багытталган: 133 мектеп, 57 бала

ЖК комитети үч министр жана УКМК төрагасынын дайындалышына макулдук  берди

Бийлик

ЖК комитети үч министр жана УКМК төрагасынын дайындалышына макулдук берди

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жана үч министрдин кызмат орундарына көрсөтүлгөн талапкерлерди дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер

Чүйдө 119 чакырым СИП кабели тартылат

Энергетика

Чүйдө 119 чакырым СИП кабели тартылат

2026-жылы Чүй облусунда 119,34 чакырымдан ашуун СИП кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо иштери пландаштырылган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштер 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин негизинде март айынан ноябрь айына чейин аткарылат. Анын ичинде: * Аламүдүн району – 20,45 чакырым; * Кемин району – 6,840 чакырым; * Москва району – 11,

Кара-Сууда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Коом

Кара-Сууда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Кара-Сууда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнө таандык жалпы аянты 4 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.  Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө жер тилкелери жер мыйзамдарын бузуу менен катталгандыгы аныкталды.  Кеп болуп жаткан жер "Айыл чарба жерлери" катары классификацияланган, бирок чындыгында башка максаттарда колдонулган.

"Баткен таңы" редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды

Коом

"Баткен таңы" редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды

"Баткен таңы" редакциясынын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында аталган редакциянын имараты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп кеткенин аныктады. Такталгандай, 2010-жылдын январь айында объекттин стратегиялык маанисине карабастан "Баткен таңы" редакциясынын

Ашууларда кар жаап жатат:  каттам токтогон жок

Транспорт

Ашууларда кар жаап жатат: каттам токтогон жок

Бүгүн эл аралык маанидеги жана жергиликтүү маанидеги автожолдордо, ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз–Талас - Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында себелеп кар жаап жатат. Аталган жолдорду тейлеген Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз

Кыргызстанда ветеринардык дары каражаттарын каттоо санарип форматка өтөт

Коом

Кыргызстанда ветеринардык дары каражаттарын каттоо санарип форматка өтөт

Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай тармагын санариптештирүү алкагында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан "Ветеринардык дары каражаттарын каттоо жана сертификаттоо" боюнча Автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) иштелип чыгууда. Жаңы система ветеринардык дары каражаттарын каттоо процесстерин толугу менен электрондоштурууга багытталган. Анда арыздарды онлайн кабыл алуу, документтерди текшерүү, QR-код

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Коом

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

Коом

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Коом

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Экономика

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Бүгүн Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, шаардык бюджеттин долбоору каралды. Сессияга мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жана депутаттар катышты. Шаардын финансы башкармалыгынын башчысы Талант Аким уулу 2026-жылга бюджет долбоорун тааныштырып, депутаттар тарабынан бир добуштан колдоо тапты. Жергиликтүү бюджеттин планы 1 млрд 587,7 млн сом

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Коом

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинети. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин