Айгерим Качкынбекова

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Коом

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Коом

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Коом

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди

Россиянын түрмөлөрүндө 1256 кыргызстандык жазасын өтөп жатат

Коом

Россиянын түрмөлөрүндө 1256 кыргызстандык жазасын өтөп жатат

Учурда Россиядагы түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1256 жараны жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Айбек Айдарбеков билдирди. Анын маалыматына караганда, соттолгон жарандардын 143ү Новосибирск шаарындагы түзөтүү мекемелеринде кармалууда. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушууларды уюштуруп, алардын укуктук абалы боюнча түшүндүрүү

Республикалык кан борборунун мурдагы директору коррупцияга шектелип кармалды

Коом

Республикалык кан борборунун мурдагы директору коррупцияга шектелип кармалды

Республикалык кан борборунун мурдагы директору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди. Маалыматка ылайык, аталган борборду 2012-жылдан 2025-жылдын август айына чейин жетектеп келген 54 жаштагы К.Б.Б. 2020-жылы жеке менчик компаниянын жетекчиси менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды өзгөчө ири өлчөмдө чыгарып кетүүнү көздөгөн.

Ысык-Көлдө 167 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Коом

Ысык-Көлдө 167 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз берилген 4,26 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча Ж.Абдрахманов айыл өкмөтүндө жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясында текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 1997–2004-жылдары мыйзам талаптарын бузуу менен бир катар

Жашылча-жемиш ширесине техникалык регламент өзгөртүлүшү мүмкүн

Жашылча-жемиш ширесине техникалык регламент өзгөртүлүшү мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлиги жемиштерден жана жашылчалардан жасалган шире продукциясына байланыштуу техникалык регламент боюнча чечимдин долбоору коомдук талкууга коюлганын билдирди. Маалыматка ылайык, документ Бажы бирлигинин "Жемиштерден жана жашылчалардан жасалган шире продукциясына техникалык регламенти" (БС ТР 023/2011) талаптарын аткарууну камсыз кылган стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Долбоор эл

Быйыл "Жашыл мурастын" алкагында 9 млн көчөт отургузуу пландалууда

Коом

Быйыл "Жашыл мурастын" алкагында 9 млн көчөт отургузуу пландалууда

"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында республика боюнча 3 250 гектардан ашуун аянтка 3 миллион 820 миңден ашуун көчөт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникаклык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Жергиликтүү мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагында 3 250,648 гектар жерге 3 820 663 түп көчөт отургузулган.

Айрым ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Транспорт

Айрым ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызгидромет кызматы 10–15-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти. Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү төмөнкү унаа жолдорунда күтүлөт: * Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында; * Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55–115-чакырымдарында; * Ала-Бука – Каныш-Кыя

Баткенде жеке ишкерлердин 30%дан ашыгын аялдар түзөт

Бизнес

Баткенде жеке ишкерлердин 30%дан ашыгын аялдар түзөт

Баткен облусунда жеке ишкерлердин 30%дан ашыгын аялдар түзөт. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сирокко Мессерли менен жолугушууда билдирди. Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, жолугушууда аймактагы миграция маселелери, аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жергиликтүү ишкердикти колдоо, саламаттык сактоо,

Араванда картошка айдоонун заманбап техникасы колдонулууда

Коом

Араванда картошка айдоонун заманбап техникасы колдонулууда

Ош облусунун Араван районундагы "Бирлик" үрөн чарбасы картошка эгүүдө заманбап техниканы колдонуп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы техника талаада бир эле учурда беш түрдүү ишти аткара алат. Бул дыйкандардын эмгегин жеңилдетип, талаа иштерин ыкчам жана натыйжалуу

Арча-Бешиктеги мектепке 1200 орундуу жаңы корпус курулуп жатат

Коом

Арча-Бешиктеги мектепке 1200 орундуу жаңы корпус курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги №79 мектепке кошумча салынып жаткан жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Объект Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсү, 75 дарегинде жайгашкан. Бул жерде №79 мектепке кошумча 1200 орундуу окуу корпусу курулуп жатат. Долбоорго ылайык, окуучулар жана мугалимдер үчүн