Республикалык кан борборунун мурдагы директору коррупцияга шектелип кармалды

Республикалык кан борборунун мурдагы директору коррупцияга шектелип кармалды

Республикалык кан борборунун мурдагы директору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган борборду 2012-жылдан 2025-жылдын август айына чейин жетектеп келген 54 жаштагы К.Б.Б. 2020-жылы жеке менчик компаниянын жетекчиси менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды өзгөчө ири өлчөмдө чыгарып кетүүнү көздөгөн.

Тергөө маалыматтарына ылайык, алар Республикалык кан борборуна кымбат баалуу медициналык жабдууларды орнотушкан. Ошондой эле беш жыл бою лабораториялык реагенттерди жогорулатылган баада жеткирип турушкан. Ал эми түшкөн каражаттын белгилүү бир бөлүгү мурдагы директорго берилип турган.

УКМКнын маалыматы боюнча, жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө мамлекетке 36 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында Республикалык кан борборунун мурдагы директору УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми жеке компаниянын жетекчисинин аракеттерине тергөөнүн жүрүшүндө укуктук баа берилери белгиленди.

Учурда бул иш боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен