Ысык-Көлдө 167 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдө 167 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз берилген 4,26 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча Ж.Абдрахманов айыл өкмөтүндө жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясында текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 1997–2004-жылдары мыйзам талаптарын бузуу менен бир катар жер тилкелери жеке тараптарга берилгендиги аныкталган.

Атап айтканда, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына тиешелүү 0,08 гектар жер тилкеси, Ананьево айыл аймагында жайгашкан муниципалдык автовокзалга тиешелүү 139,4 чарчы метр курулуш объектиси жана 0,16 гектар жер, ошондой эле Чолпон-Атадагы SOS балдар айылы коомдук фондунун менчигине берилген айыл чарба багытындагы “сугат айдоо” категориясына кирген 4 гектар жер аянты мыйзам бузуу менен жеке тараптарга өткөрүлүп кеткен.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 167 млн 568 миң сомду түзгөн 4,26 гектар жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти