Он жашар кыз «Кыргызстандын Кызыл китеби» тиркемесин иштеп чыгат - ага 4.5 миң евро бөлүнөт
5-класстын окуучусу 10 жаштагы Дарина Digi Konush долбоорунан жапайы жаныбарларды коргоо боюнча «Кыргызстандын Кызыл китеби» аталган мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу үчүн 4.5 миң евро алат. Бул тууралуу долбоордун басма сөз кызматы билдирди. Окуучу кыздын айтымында, тиркеме Кызыл китепке кирген жаныбарлардын сегиз түрүн камтыйт: аркар, кызыл карышкыр, ак илбирс, күрөң