Бишкектин мэриясы бүтпөй калган курулуштардын тизмесин жарыялады
Борбор калаанын мэриясы шаардык «Бишкекбашкыархитектура» мекемеси менен биргеликте узак мөөнөттүү курулуш объектилерин аныктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, айрым курулуштар кайрадан башталып, курулуш иштерин өз убагында бүтүрүү боюнча кепилдик каттар алынган. Бул объекттер Бишкек шаарынын архитектуралык көрүнүшүн бузуп, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна жагымсыз шарттарды түзүп жатат.