2022-жылы «Кыргыз Петролеум Компани» өндүрүшүн 17.5%га жогорулаткан

2022-жылы «Кыргыз Петролеум Компани» өндүрүшүн 17.5%га жогорулаткан

Мунай чыгаруучу «Кыргыз Петролеум Компани» заводу 2022-жылы өндүрүшүн 17.5%га жогорулаткан. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы маалымдады.

Мекеме белгилегендей, завод мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун кыйла жогорулатууну пландаштырууда. Учурда заводдун сыйымдуулугу жылына 500 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө эсептелген. Бирок, мунай өнүмдөрүнө болгон суроо-талапты канааттандыруу жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында, компания бул көрсөткүчтү кыйла жогорулатууга умтулат.

«2022-жылы завод 186 миң 253 тонна мунайды кайра иштете алды, бул пландык көрсөткүчтүн 17.5% түзөт. Бул калк арасында мунайзаттарга болгон муктаждыктын өсүп жаткандыгын жана компания тарабынан өндүрүлүп жаткан продукциянын жогорку сапатын айгинелейт», - деп билдирүүдө белгиленет.

Ошондой эле, 2023-жылдын биринчи чейрегинде 48 миң 229 тонна мунайды кайра иштетүү пландаштырылган, бирок иш жүзүндө 56 миң 577 тонна иштетилген. Бул иштин натыйжалуулугун жана компаниянын көбөйгөн жүктү көтөрүүгө даярдыгын көрсөтөт. Нефтини кайра иштетүүчү заводдо учурда 200дөн ашык кызматкер эмгектенет.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл