Банктар
Улуттук банк быйыл 590,5 млн долларга 6 интервенция жасаганы маалым болду
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Кыргызстандын экономикалык активдүлүгү жогорку деңгээлде уланып, өсүүлөр экономиканын дээрлик бардык тармактарында катталганын брифингде билдирди. "Кыргызстандагы реалдуу эмгек акынын өсүшү, башкача айтканда, инфляцияны эске алганда 10,9 пайызды түздү. Ошону менен бирге, акча которуулардын өсүшү 24,1 пайыз деңгээлинде болду. Улуттук банк биринчи