Экономика
Кумтөрдүн алтын запасы түгөнүү коркунучундабы же?
2026-жылдын 1-январынан бери интернет майданында “Кумтөр: геологдор коңгуроо кагууда” аталышындагы Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун билдирүүсү кызуу талкууга алынууда. Анда Дүйшөнбек Камчыбеков Кумтөр кенин курчап турган системалуу көйгөйлөрдүн көбөйүшү тууралуу коомчулукка коңгуроо каккан. Анын пикиринде, Кыргызстандагы эң ири алтын кенинин учурдагы оң каржылык көрсөткүчтөрү айтылганы менен