Ишкер Media

Күмүш фьючерсинин баасы  трой унциясы үчүн 81 доллардан ашты

Экономика

Күмүш фьючерсинин баасы трой унциясы үчүн 81 доллардан ашты

Нью-Йорктогу COMEX товардык биржасында 2026-жылдын март айында жеткириле турган күмүш фьючерсинин баасы биринчи жолу трой унциясы үчүн 81 доллардан жогору соодалана баштады. Айрым учурларда кымбат баалуу металлдын баасы трой унциясы үчүн 82,67 долларга чейин жетип, 7,09%га өстү. Бүгүн эртең мененки убакка карата күмүш фьючерсинин өсүшү жайлап, баа

Быйыл салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү 389 млрд сомго жетти

Экономика

Быйыл салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү 389 млрд сомго жетти

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун аппараттык кеңешмесинде 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыл ичинде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 343 млрд сомду түзсө, иш жүзүндө түшүүлөр 389 млрд сомго жетип, план 113,6%га аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 28,9%га жетип, 87,5

Жасалма интеллект жасаган "санарип фабрикалар" 117 млн доллар киреше алып келген

Жасалма интеллект жасаган "санарип фабрикалар" 117 млн доллар киреше алып келген

Kapwing сервиси жүргүзгөн изилдөө YouTube платформасы жасалма интеллекттин сапатсыз контентинин массалык агымына туш болгонун аныктаганын  The Guardian басылмасы жазды. Адистер 150 өлкөдөгү эң популярдуу 100 каналды талдап чыгып, толугу менен ИИ аркылуу жасалган видеолордон турган 278 аккаунтту аныкташкан. Бул "санарип фабрикалар" жалпысынан 221 миллион катталуучуга жана 63 миллиард

Унаа айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн 1 млрддан ашык акча түшкөн

Коом

Унаа айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн 1 млрддан ашык акча түшкөн

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн бюджетке жалпы 1 млрд 23,8 млн сом түшкөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин малыматында айтылат. Мындан улам, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда мамлекетке түшкөн каражат 460,8 млн сомго көбөйгөнү белгиленди. Былтыр 11 айда тонировкага уруксат берүүдөн бюджетке 563,

"Кыргызалтын" Кызыл-Омполду өз күчү менен иштетүүнү көздөп жатат

Экономика

"Кыргызалтын" Кызыл-Омполду өз күчү менен иштетүүнү көздөп жатат

Жаратылыш ресурстары, экология жана кайра иштетүү министри Медер Машиев Tazabek басылмасына Кызыл-Омпол кенин иштетүү иштери кайсы этапта экенин айтып берди. Министрдин айтымында, "Кыргызалтын" Кызыл-Омполдо өндүрүштү өз күчү менен уюштурууну пландап жатат. "Өндүрүштүн биринчи этабы — титаномагнетитти жана руданы бөлүү. Руда эки бөлүккө ажыратылат: бир бөлүгү — титаномагнетит, экинчиси — комплекстүү

Девелоперден кирешелүү кыймылсыз мүлк операторуна карай: Arius өз бизнес моделин кантип кайра түзүп жатат

Бизнес

Девелоперден кирешелүү кыймылсыз мүлк операторуна карай: Arius өз бизнес моделин кантип кайра түзүп жатат

Кыргызстандын кыймылсыз мүлк рыногу өсүү жөнөкөйлүктүн синоними болбой калган фазадан чыгып баражатат. Объекттер көбөйүп, атаандаштык күчөп, каталар барган сайын айкыныраак көрүнүүдө. Ушул шартта “ким ылдамыраак курат?” деген суроодон көрө “ким долбоорду аягына чейин жеткирип, ишенимди сактай алат?” деген суроо көбүрөөк коюлууда. Arius курулуш компаниясы рынокто 2014-жылдан бери иштеп келет. Бул

Инвестиция боюнча кеңеш бере турган чат-бот ишке кирди

Коом

Инвестиция боюнча кеңеш бере турган чат-бот ишке кирди

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлор үчүн онлайн кеңеш берүүчү чат-ботту ишке киргизди. Бул тууралуу агенттиктин директору Равшанбек Сабиров “Кабардагы” маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, агенттиктин расмий порталы жаңыртылып, жаңы чат-бот инвестициялык маселелер боюнча 24 саат бою ыкчам консультацияларды берет. Равшанбек Сабиров санариптик чечимдерди киргизүү инвестициялык чөйрөдө ачык-айкындуулукту жогорулатып, инвесторлор менен

Ошто жол эрежелерин көзөмөлдөгөн жаңы борбор ишке кирди

Коом

Ошто жол эрежелерин көзөмөлдөгөн жаңы борбор ишке кирди

Бүгүн Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматынын жол эрежелерин бузууларды көзөмөлдөөгө багытталган атайын борбору расмий түрдө ишке берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматына ылайык, долбоордун алкагында шаар көчөлөрүнө жол эрежелерин жана укук бузууларды каттоочу 70 даана заманбап видеокөзөмөл камерасы кошумча орнотулду. Натыйжада учурда Ош шаарында жалпы 125 камера үзгүлтүксүз иштеп жатат.

УКМКнын “жалган” кызматкери кармалды

Коом

УКМКнын “жалган” кызматкери кармалды

Алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР УКМК кызматкерлеринин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР жараны Б.К.Б. (КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин мурдагы кызматкери) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз

Түп райондук прокуратурасы жаңы административдик имаратка ээ болду

Коом

Түп райондук прокуратурасы жаңы административдик имаратка ээ болду

Бүгүн, 29-декабрда Башкы прокурор Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Түп районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын салтанаттуу түрдө ачты. Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде Башкы прокурор жаңы имараттын пайдаланууга берилиши прокуратура органдарынын ишин уюштурууну жакшыртып, жарандардын кайрылууларын ыкчам жана натыйжалуу кароого, ошондой эле кызматкерлер үчүн тийиштүү эмгек шарттарын түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи. Маалыматка

Кумтөрдүн жылдык кирешеси 124,2 млрд сомдон ашты

Экономика

Кумтөрдүн жылдык кирешеси 124,2 млрд сомдон ашты

2025-жылдын январь–декабрь айларынын жыйынтыгы боюнча "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн кирешеси 124 млрд 216 млн сомдон ашты. Бул тууралуу ишкананын 2025-жыл үчүн расмий отчетунда айтылат. Маалыматка ылайык, компаниянын таза кирешеси 59 млрд 286 млн сомду түзгөн. Ал эми жыл аягына чейин Кумтөр кенинде алтын өндүрүүнүн

Ошто кайгуул кызматына 5 кызматтык унаа тапшырылды

Коом

Ошто кайгуул кызматына 5 кызматтык унаа тапшырылды

Бүгүн Ошто Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө президенттин атынан Changan үлгүсүндөгү 5 кызматтык унаа берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматтык унаалардын ачкычын мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырды. Мындан тышкары, быйыл шаар аймагына видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн 5 млн сом акча каражаты бөлүнгөнү белгиленди. Белгиленгендей, буга чейин да кайгуул