Мелис Совет уулу

Бишкек
Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Саясат

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө”

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Саясат

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Экономика

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Бүгүнкү күндө Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин чечүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу жалпысынан 14 млн евро каралган долбоор 100% натыйжалуу бүткөрүлгөнүн Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Эки фазадан турган бул долбоор менен шаардын таза суу жана саркынды суу тутумдары жаңыртылган. Ошондой эле

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Экономика

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Транспорт

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

Энергетика

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ири долбоорлордун бири – Кыргызстанды газдаштырып жаткан “Газпром” компаниясы экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, компания буга чейин газ өткөрүүчү түйүндөрдү курууга 400 млн долларга жакын каражат жумшады.  “Алдыда 2030-жылга чейин өлкөнү газдаштырууну 60%га жеткирүү

"Соң-Көл балык чарбасы"  3 көлгө  1 млн 800 миң чабак кое берди

Экономика

"Соң-Көл балык чарбасы" 3 көлгө 1 млн 800 миң чабак кое берди

2026-жылдын 8–9-апрель күндөрү “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын жалпы 1 миллион 800 миң даана чабактарын коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары Батай деп аталды

Кызыктуу

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары Батай деп аталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болгон ак илбирске Батай деген ысым берилгенин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Батай ысымы терең маанини билдирет. “Ба” – “барс” сөзүнөн алынган, күч, эркиндик жана ички кубатты түшүндүрөт. Тумар дал ушул кар барсынын образын жаратат. “Тай” – “таяныч” сөзүнүн кыскартылган түрү. Бул ички өзөк, тең салмак

Кыргызстан ЭЭАларындагы ишканалардан бюджетке 5 млрд сомго чейин каражат түшөт

Экономика

Кыргызстан ЭЭАларындагы ишканалардан бюджетке 5 млрд сомго чейин каражат түшөт

Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактарда бүгүнкү күндө 385тен ашуун субъект иш алып барат, ал эми бюджетке жыл сайын 3–5 млрд сом өлчөмүндө каражат түшөт. Бул тууралуу радионун эфиринде  Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, Министрлер кабинетинин жаңы объекттерди ишке киргизүү боюнча тапшырмасынын алкагында 2024-жылы эркин

Сырттан келген кыргызстандыктар инвестициялык долбоорлорго катышып жатат – Р.Сабиров

Экономика

Сырттан келген кыргызстандыктар инвестициялык долбоорлорго катышып жатат – Р.Сабиров

Акыркы жылдары Кыргызстанга 15–20 миңдей мекендештер кайтып келип, айрымдары инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатканын радионун эфиринде  Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, кайтып келген жарандар негизинен курулуш тармагында иштеп, ошондой эле бизнес ачып, аймактарда ар кандай долбоорлорду ишке киргизүүдө. "15–20 миңден ашуун мекендештерибиз

Чет өлкөлүк номерлүү, мыйзамсыз унаалар сыртка чыгарылат же утилдештирилет

Транспорт

Чет өлкөлүк номерлүү, мыйзамсыз унаалар сыртка чыгарылат же утилдештирилет

Кыргызстанда чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар, легалдаштыруудан өтпөгөн автоунааларды жөнгө салуу боюнча президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, мындай унаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-майына чейин алардын кийинки тагдырын өз ыктыяры менен чечүү үчүн мөөнөт берилет. Тактап айтканда, автоунааны өлкөдөн чыгарып кетүү, тетиктерге сатуу же утилдештирүү каралган. Эгерде

Кыргызстан банктарында 1,3 млрд ликвиддүү акча каражаттары бар, бирок алардын көбү пайдаланылбай турат – Г.Керимкулова.

Экономика

Кыргызстан банктарында 1,3 млрд ликвиддүү акча каражаттары бар, бирок алардын көбү пайдаланылбай турат – Г.Керимкулова.

Азия өнүктүрүү банкынын "Азия өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова Кыргызстандагы банктарда болжол менен 1,3 млрд доллар көлөмүндө ликвиддүү каражаттар бар экенин жана бул ресурстардын олуттуу бөлүгү колдонулбай турганын билдирди Азия өнүктүрүү банкынын изилдөөсүнүн бул жылдагы