Саясат
"Кыргызнефтегаз" иши боюнча Шайырбек Ташиев 16-майга чейин СИЗОго камалды
Биринчи Май райондук соту Шайырбек Ташиевге карата бөгөт коюу чарасын тандаганын соттун басма сөз кызматы билдирди. Соттун чечими менен ал 16-майга чейин СИЗО-1га камакка алынды. Адвокат Жыргал Бабаев анын кардары күнөөсүн моюнга албай турганын билдирди. Анын айтымында, айыптоо жетиштүү негизделген эмес, ошондуктан коргоо тарабы соттун чечимин даттанууну көздөп