Кыргызстанда "Мектеп 21" ачылып, IT адистер даярдалат

Кыргызстанда "Мектеп 21" ачылып, IT адистер даярдалат

Мамлекет башчысынын демилгеси менен Кыргызстанда “Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби” долбоору ишке кирип жатат. Бул долбоор аркылуу жарандар акысыз билим алып, жогорку квалификациялуу IT адиси болуп чыгышат жана көрүнүктүү компанияларга ишке орношо алышат. 

Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Расул Маматов "Кабар" агенттигине билдиришинче, “Мектеп - 21” долбоору Россиянын “Сбер” ачык акционердик коомунун мектеби болуп эсептелинет. 2024-жылы президент Садыр Жапаров аталган мекеменин башкы директору Герман Греф менен жолугушуусунда долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча макулдашылган. Президенттин тапшырмасы менен 2025-жылы алгачкы кадамдар жасалып, азыр бул долбоор Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

“Аталган окутуу платформасынан 18 жаштан жогорку жарандар IT тармагында билим алып, жогорку квалификацияга ээ IT инженерлери болуп чыгышат. Катардагы мектептерден айырмачылыгы – анда мугалимдер болбойт. Жарандар ал аркылуу өз алдынча билим алып, peer-to-peer (бири-биринен үйрөнүү) системасы аркылуу окушат.
Мектептин негизги максаты - жарандардын IT тармагындагы квалификациясын жогорлатуу”,-деди ал.

Жетектөөчү адистин айтымында, мектепке бассейн ыкмасы менен алгач 200 адам кабыл алынат. Аларга IT тармагындагы базалык тапшырмалар берилет, аларды аткара алган жарандар окууга өтүшөт.

“Негизинен мектепте эң жогорку деңгээлдеги шарттар түзүлөт. Себеби, ал Россиядагы “Мектеп 21дин” шарттарына шайкеш келиши керек. Окуунун узактыгы 1 жылдан 1,5 жарым жылга чейин созулат.

Дагы бир айырмачылыгы - “Сбер” компаниясынын Россиядагы мектептеринин көрсөткүчтөрүнө ылайык, аны аяктагандар 100% жогорку квалификацияны талап кылган, эң жогорку маяналуу жумуштарга кире алышкан”,-деп белгиледи ал.

Аталган долбоор Россияда 2018-жылы негизделген. Учурда аталган өлкөдө мындай 22 санариптик мектеп иш алып барат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөндөйт. Буга өлкөдөгү кант заводдорунун өндүрүш көлөмү ички керектөөдөн жогору экени себеп болот. Бул тууралуу Кумшекер кластеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү эки кант заводу ай сайын 20–25 миң тонна кумшекер өндүрөт. Ал эми ички керектөө айына болжол менен 8 миң

Ишкер Media
Партадан башталган стартап

Партадан башталган стартап

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду - “Партадан башталган стартап” атту сынакты уюштурууда. Сынакка билдирүүлөрдү кабыл алуу 2026- жылдын 2- ноябрына чейин созулат. Билдирүүгө караганда, сынак мектепте же колледжде окуп, өз бизнес-идеясын ишке ашырууну кыялданган жаштарга арналат. Сынактын максаты: ·       Мектеп окуучуларынын, орто кесиптик билим

Ишкер Media
Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөрүп жиберген.

Ишкер Media
Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен фермерлерге мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүктөн Жайыл районунун фермери Бактияр Чыналиев пайдаланып, "Кыргыз Агрохолдингдин" "Элита" филиалынан 15 баш абердин-ангус породасындагы мал сатып алган. "Буга

Ишкер Media